super.kg logo

Алга, Кыргызстан! Ырчы Сыймык Бейшекеев Олимпиада оюндарына бараткан спортчулардын ысымдарын обонго салды (видео)

 

Кыргыз Эл артисти Сыймык Бейшекеев Олимпиада оюндарына бара жаткан спортчулардын атын кошуп дем берүүчү ыр жазды. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-июлда Инстаграм баракчасына жарыялады.

"Олимп оюндарына намыс талашууга бараткан 16 спортчубуздун баарына ийгилик каалайм. Жүрөгүмдөгү тилек-батама ар биринин атын кошуп, ырга салдым, аман-эсен барып жеңиш менен келгиле, баатырлар! Кийинки ырыбызды Назима экөөбүз силердин жеңишиңерди даңктап жазалы.

Буюрса, ырдын даяр болоруна аз калды. Спортчу жигит-кыздарга дем болсун, мыкты клипмейкер, видеографтар келгиле, баатырларыбызга дем бере турган тасма даярдайлы. Баарыңардан сунуш күтөм", - деп жазган Сыймык Бейшекеев.

Белгилей кетсек, Франциянын борбору Париждеги оюндар 26-июлдан 11-августка чейин өткөрүлөт.






Ырчы Сыймык Бейшекеев Олимпиада оюндарына бараткан спортчулардын ысымдарын обонго салды 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: