super.kg logo
  Саясат  

АКШнын президенти Барак Обаманын аялы Мишель ажырашууга даярданууда

 

АКШ президентинин аялы Мишель Обама өз күйөөсү менен ажырашууга даярданып жатат. Алардын ажырашуусуна Барак Обаманын жана Улуу Британия менен Даниянын премьер-министрлери Девид Кемерон, Хелле Торнинг-Шмиттин Нельсон Манделаны акыркы сапарга узатуу  аземинде өздөрүн өздөрү сүрөткө тартуусу себеп болгон. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда, The Nation басылмасы жарыялады.

Маалыматка ылайык, учурда Мишель жана Барак Обама эки башка уктоочу бөлмөлөрдө жатышат. Барак Обама өз кыздары жана саясий карьерасы негизинде ажырашпай турат. Ал эми биринчи леди өз юристи менен ажырашуу жана Ак үйдөн көчүү маселелерин талкуулады. Бирок азырынча Ак үй бул маалымат тууралуу эч кандай комментарий бере элек. 

Эскерте кетсек, АКШ президенти Барак Обаманын жана Улуу Британия менен Даниянын премьер-министрлери Девид Кемерон, Хелле Торнинг-Шмиттин Нельсон Манделаны акыркы сапарга узатуу  аземинде өздөрүн өздөрү сүрөткө тартуусу интернет айдыңында чоң талкууну жараткан эле. Үч лидердин сүрөткө түшүп жаткандагы учурун “чырк” эттирип алган фотокорреспонденттин сүрөтү Нельсон Манделаны акыркы сапарга узаткан соң америкалык ММКларда жарыяланып кеткен. Сүрөттө Даниянын премьер-министри Хелле Торнинг-Шмиттин Обама жана Кемерон менен сүрөткө түшүүгө аракет кылып жатканы, ал эми Обаманын премьер айымга жардам көрсөтүп смартфонун тууралап бергени чагылдырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: