super.kg logo

12 000ден ашык товар: MBANKтын Market кызматы ассортиментин кеңейтет!

 

"Коммерциялык банк Кыргызстан" ААК | MBANK маркетплейси тездик менен өсүп, колдонуучулардын жүрөгүн багындырууну улантууда.

MBANKтын Market кызматы ишке киргенден бери өнөктөштөрдүн саны 15ке жетти, ал эми платформада товарлардын жалпы ассортименти 12 000ден ашты жана 300дөн ашык категорияны камтыйт.

Market кызматынын колдонуучулары үчүн анда тиричилик техникасы, электроника, үй буюмдары, косметика, туура тамак-аш азыктары, ал тургай спорттук товарлар жана инвентарлардын кеңири тизмеси бар.

Ар бир сатып алуучу керектүү нерсесин MBANK Market кызматынан таба алат.

«Биздин кардарлардын ынгайлуулугу үчүн товарлардын ассортиментин туруктуу негизде кеңейтип жатабыз жана ар дайым жагымдуу шарттарды сунуштайбыз. Бүгүнкү күндө MBANK Market кызматындагы 12 000ден ашык товардын түрү – кардарлардын муктаждыктарын канааттандырган жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жаткан улуттук рыноктун өнүгүүсүнүн башталышы гана. Ошону менен бирге, биз товарлардын санын көбөйтүүгө гана эмес, жаңы чечимдерди жана сатып алуулар үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө умтулабыз», - деп белгиледи MBANKтын стратегиялык жана санариптик өнүктүрүү боюнча директору Марат Торалиев.

Кызматтын колдонуучулары үчүн өзгөчө бонус – туруктуу арзандатуулар жана 5% өлчөмүндө пайдалуу кешбэк. Бул сунуштар товарлардын бардык ассортиментинде иштейт, бул ар бир буйрутманы кыйла үнөмдөйт.

Кызматтын негизги артыкчылыктары:

  • Ыңгайлуулук: Кардарлар мындан ары ар кандай соода тиркемелери менен колдонуп убара болбой, бир жерден эле бардык керектүүлөрүн сатып ала алат. Market сизге керектүү нерселердин бардыгын бир тиркемеде сунуштайт.
  • Жогорку 5% кешбэк: Кешбэк аркылуу ар бир сатып алуу үчүн Market кызматынан кардарлар кошумча бонустарды алышат.
  • Тез жана акысыз жеткирүү: Market кызматы бардык буйрутмалар үчүн тез жана акысыз жеткирүүнү сунуштайт, бул кардарларга сатып алууларды эч убакта кошумча акы төлөбөстөн алууга мүмкүндүк берет.

MBANK баарын MBANK Market кызматына кошулууга жана заманбап онлайн дүкөндүн артыкчылыктарын баалоого чакырат.

Кеңири тандоолордон, чоң келишимдерден жана сапаттуу тейлөөдөн ырахат алыңыз – мунун баары MBANK Market кызматында!

Акысыз жеткирүү 1 иш күндүн ичинде ишке ашырылат жана тапшырыктын суммасы 10 000 сомдон жогору болушу шарт.

Жогорку 5% кэшбэк 31.07.2024-жылга чейин жарактуу.

MBANK – Биринчи санарип!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: