super.kg logo

Каракалпакстанда V "Достук" фестивалы өтөт. Кыргызстандан Канышай Сүйүнбай катышат

 

30-июлда Бириккен Улуттар Уюмунун генералдык ассамблеясы уюштурган “Эл аралык достук күнү” болот. Аталган фестиваль Каракалпакстандын Нукус шаарынын "Амфитеатрында" өтөт.

Фестивалга Кыргызстандан эл аралык конкурстардын лауреаты Канышай Сүйүнбай катышат.

"Достук" фестивалына катышуу тууралуу мага алгач Мирлан Алыкулов сунуштаган. Ал өзү мурдагы жылдары катышып келген экен. Былтыр Өзбекстандын Ташкент шаарында болуп өткөн 4-достук фестивалына катышып, “Эл аралык достуктун элчиси” наамын алып келгем. Быйыл Каракалпакстандын мамлекет башкармалыгы өткөрүп жатыптыр, кайра мени чакырышты", - деди Канышай Сүйүнбай.

Белгилей кетсек, "Достук" фестивалында ар бир мамлекеттин ырчысы өз тилинде ырдайт. Анда 1 ырчыга 15 мүнөт убакыт берилип, 3 же 4 ыр аткарышат. Анда автордук ырлар, ремейк (кыргыздын белгилүү эски ыры), Орто Азияга популярдуу болгон ырлар ырдалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: