super.kg logo

Бишкек шаардык соту Камчы Көлбаевдин апасынын соту боюнча билдирүү жасады

 

Бүгүн, 26-июлда Бишкек шаардык соту маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиеванын соттук отуруму боюнча маалымат берди. Анда айыпталуучулар жана алардын жактоочулары тарабынан соттук териштирүүлөр жасалма түрдө жылдырылып жаткандыгы белгиленген.

Маалымдалгандай, кылмыш иши Октябрь райондук сотуна 2024-жылдын 17-апрелинде келип түшкөн. Үч айдан бери каралып, айыпталуучуну камсыз кылуу боюнча бардык чаралар көрүлгөндүгү кошумчаланган.

Айта кетсек, Көлбаевдин апасы Мая Алиеванын соттук иши өзү жашаган батирде өттү. Ага "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" беренеси боюнча айып тагылууда.

Ал арада анын бир тууган иниси Жолдошбек Көлбаев апасына козголгон кылмыш иш боюнча президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаевге кайрылуу жолдоду. Видеокайрылуу адвокат Бактыбек Жумашевдин Facebook баракчасына жарыяланды.

Эске салсак, 4-октябрда УКМК Камчыбек Көлбаев атайын операция учурунда өлтүрүлгөнүн билдирген. Ошондон бери атайын кызмат ага жана жакындарына таандык делген мүлктөрдү аныктап, мамлекетке кайтаруу иштерин жүргүзүп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: