super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров VIP вагон менен Бишкектен Балыкчыга барды (фото)

 

Бүгүн, 28-иблда президент Садыр Жапаров баш калаадагы Бишкек-2 темир жол бекетине пландан тышкары барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысы Бишкек-2 темир жол бекетин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ага ылайык, темир жол бекети 1938-жылы курулган. Акыркы он жылда Бишкек-2 темир жол бекетинин имаратында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

Ошондой эле Садыр Жапаров имараттын учурдагы оңдоо иштери менен таанышып, ичиндеги иш жайлары жана анын айланасын карап чыкты.

Мындан тышкары президент "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу боюнча бардык сын-пикирлерди эске алууну жана аларды жоюу боюнча керектүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Андан соң Мамлекет башчысы поезд менен Балыкчы шаарына жөнөп кетти.

"Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев Мамлекет башчысына узундугу 186 чакырымды түзгөн "Балыкчы-Кочкор - Кара-Кече" темир жолунун курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат берди", - деп айтылат маалыматта.

Анын айтымында, 38 чакырымга чейин жол полотносу жана суу өткөрүүчү түтүктөр курулду. Жыл аягына чейин жалпысынан 40 чакырым темир жолду бүткөрүү пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: