super.kg logo

Бишкектеги троллейбустардын канчасы Нарын шаарына берилиши мүмкүн? Мэриянын жообу

 

Нарын шаарында электробустарды каттамга чыгаруу аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5 электробус жакынкы күндөрү каттамга чыгышы күтүлүүдө.

"Буга чейин шаарда коомдук транспорт көйгөйү бар эле. Жалаң менчик таксилер каттап, эл кымбат, шаардын баш жагына чейин жетпейт деп нааразы болушчу. Ошондой улам Экономика министрлиги менен келишим түзүп, насыяга 5 электробус сатып алынды. Учурда алар муниципалитеттин менчигине алынып, тийиштүү уруксат кагаздарын алып жатабыз. Жакын арада каттамга чыгарабыз.

Шаар мэри Бишкек шаардык мэриясы менен сүйлөшүп, 6 троллейбусту анын зым чубалгылары менен алып келүүгө аракет көрүлүп жатат. Муну менен транспорт тартыштыгы маселесин чечүүгө үмүттөнүп жатабыз" деп билдирди маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, 8-июлда калаа башчысы Айбек Жунушалиев Бишкектен троллейбус каттамдары толугу менен алынарын айткан. Мэрдин айтымында, мындай кадам менен шаардын ичи троллейбус линияларынан тазаланып, элди ташууга автобустар киргизилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: