super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү сунушталууда

 

Кыргызстанда автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү сунушталууда. Бул тууралуу токтом долбоорун 1-августта Экономика жана коммерция министрлиги коомдук талкууга койду.

Министрлик мындай чара Бишкек жана Оштогу экологиялык абалды жакшыртуу, унаадан чыккан газдарды азайтуу жана жол коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөй турганын белгилеген.

Андагы маалыматка ылайык, өлкөдө 1 миллион 600 миң 691 автоунаа катталса, алардын ичинен 86 миң 108и юридикалык жактарга, калган 1 миллион 514 миң 583ү жеке адамдарга катталган.

"Учурда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташыган унааларды, айыл чарба жана токой чарба тракторлорун, атайын, адистештирилген транспорт каражаттарын техникалык кароодон милдеттүү түрдө өткөрүү керек", - деп жазылат маалыматта.

Техникалык кароону 3-7 жыл пайдаланылган автоунаалар эки жылда бир, андан ашык колдонулгандар жыл сайын жүргүзүшү керек.
Мыйзамга ылайык, техниканы каттоодон өткөрүү этап-этабы менен 2027-жылга чейин киргизилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: