Мирбек Расулов башкы прокурордун орун басары кызматынан бошотулду
Мирбек Расулов башкы прокурордун орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
"Башкы прокурордун орун басары – Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору Расулов Мирбек Алишерович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.
Расулов 2023-жылдын 14-декабрынан тартып аталган кызматты аркалап келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

