super.kg logo

"Жубайымдын да туулган күнү". Ырчы Съездбек Искеналиев 44 жашка чыкты

 

Бүгүн, 2-августта Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Съездбек Искеналиев 44 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчы мырзаны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкты.

"Бүгүн үйүбүздө кош майрам, жубайымдын да туулган күнү. Алгачкылардан болуп балдарым куттуктап, чакан белектерин беришти. Бул күндү дайыма Ысык-Көлдөн өткөрчү элек, салтка айлынтып алганбыз. Быйыл ишиме байланыштуу Бишкектен эле белгилегени жатабыз.

Чыгармачылыгымда жаңылыктар көп болот, азыр айтпай турайын. Жакында жаңы ыр чыгарып, кинодо да роль жаратышым мүмкүн", - дейт ырчы.

Съездбек Искеналиев 1980-жылы 2-августта Нарын облусунун Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө айылында туулган. 1986–1996-жылдары Кызыл-Дөбө орто мектебин аяктап, 1996-жылы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын кыргыз улуттук аспаптар бөлүмүнө тапшырган. Кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик искусство институтунун менеджер бөлүмүн бүтүргөн.

2000-жылдан кыргыз эстрада чөйрөсүнө аралашып, жеке ырчы катары эмгектене баштаган. Ал музыкалык окуу жайда окуп жүргөндө эле обон чыгаруу менен алектенип, “Өмүр деген”, “Басар жолдо” жана башка ырларын жазган. Ырчы "Селки" ыры менен атактуулукка жеткен. Ырчылыктан тышкары тасмаларда роль жаратып, режиссёрлук жаатында да өзүн сынап келет.

Искеналиев кино тармагында алгач 2007-жылы Эрнест Абдыжапаровдун "Боз салкын" тасмасындагы Мураттын ролун аткарган. Кийин Айбек Дайырбековдун "Жээк" кыска метраждуу тасмасында эпизоддук ролду, "Кайып булак" тасмасында башкы каармандын биринин образын жараткан. Ошондой эле "Карт бойдок", "Беш миң сом", "Аманат" тасмаларына роль жаратып, продюсерлик кылган.

Съездбек Искеналиев жубайы Жаркынай менен 1 уул, 4 кызды тарбиялап келишет.

2-августтун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: