super.kg logo

Балыкчыда эки МАИ кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалышты (фото)

 

Балыкчы шаарында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын эки кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

"Туристтик сезон мезгилинде жүргүнчүлөрдөн Ысык-Көл ОИИБинин ЖКККБнын жана ИИМдин Бишкек шаары боюнча Патрулдук милиция башкармалыгынын айрым кызмат адамдары системалуу түрдө опузалап акча каражатын талап кылып жүрүшкөндүгү аныкталды. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, 31-июль күнү Балыкчы шаарынын аймагында ЖКККББнын эки кызматкери пара талап кылган деп шектелип кармалды", - деп билдиришти УКМКдан.

Ошол эле күнү Балыкчы шаардык ИИБнин Катардык плацында аппараттын, полктун жана Патрулдук милиция башкармалыгынын жетекчилигинин, УКМКнын кызматкерлеринин катышуусунда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган дагы башка инспекторлор катардан чыгарылып, кармалган.

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда белгиленген коррупциялык схемага ЖКККББнын башка жооптуу кызматкерлеринин катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча иштер уланууда.

Ошондой эле жасалган кылмыштардын факт жүзүндөгү жагдайларын аныктоого багытталган чаралардын комплекси жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча бардык тиешеси бар адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу боюнча акыркы чечим кабыл алынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: