super.kg logo

Голивуддагы кыргыз кинорежиссёру Анарбаев “Эң мыкты дебют” наамына татыган тасма тууралуу айтты

 

Кинорежиссёр Нарбото Анарбаевдин “The desperate end” фильми Канн эл аралык кинофестивалынын “Эң мыкты дебют” номинациясын жеңип алганы кабарланган эле.

Анарбаев SUPER.KG порталына маек берип жатып, аталган тасмада көтөрүлгөн көйгөйлөр тууралуу айтып өттү. Айтымында, анда кибертерроризм, туура эмес маалыматтар, аларга карапайым элдин ишенип алуусу, үй-бүлөлүк, жеке көйгөйлөр чагылдырылган.

"Британиялык голливуд продюсери Робин А Таундсент бул тасманы сынак (пилот) катары "7-канал" менен Кыргызстанда тартууну туура көрүп, биздин чыгармачыл топ менен иштешип калды. Эгерде тасма ойдогудай жаралса, анда келечекте Кыргызстанда толук метраждуу тасмаларды, чоң сериалдарды тартуу ою бар экен.

Продюсердин айтуусунда, тасма күткөндөн да жакшы болуп, эми көп сериялуу тасмага аттанаары белгилүү. Андан сырткары кесиптештери белгилүү продюсерлер, актёрлор Стивен Фрай, Идрис Эльба кинопродюсер Джина Картерлер да бул тасманы көрүп жактырышып кийинки долбоорлорду колдоолорун айтып жаткан кези" деди Анарбаев.

Ал аталган тасма май айында Индияда өткөн “Indianindependetfilmfestival” фестивалында "Мыкты тасма" сыйлыгына ээ болгонун кошумчалады.

"Эми дүйнөлүк Канн фестивалында "Мыкты режиссёрдук дебют" наамына ээ болдук. Тасманын сценарийи тасманын продюсери Робин мырзага таандык, биз аны кыргыз калоритинде иштеп чыгып тарттык.

Тасма көп тармактуу, көптөгөн бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк орчундуу, актуалдуу көйлөрдү камтыйт. Анда дүйнөлүк терроризм, кибертерроризм, туура эмес маалыматтар, аларга жөнөкөй элдин ишенип алуусу, үй-бүлөлүк, жеке көйгөйлөр камтылган.

Тасма «The desperate and» болуп аталып калганынын себеби сынактык (пилоттук) болгону үчүн америкалык, британиялык кесиптештерге түшүнүктүү болуусу үчүн болгон. Кыргызча атын талкуулаганыбызда «Акыркы моюнга алуу» же болбосо «Акыркы коштошуу» болот экен деп калганбыз" дейт кинорежиссёр.

Белгилей кетсек, Нарбото Анарбаевдин “Эфир” аттуу көп сериялуу фильми жергиликтүү телеканал аркылуу калкка тартууланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: