Спорт департаменти Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу боюнча түшүндүрмө берди

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда мушкердин жеке машыктыруучусу Парижге барбай калганы талкуу болгон.
"Мунарбек мушкерибиз көп күткөн Олимпиадага лицензияны ушул жылы июнь айында алды. Ал эми тренерлерди аккредитациялоо март айында эле жыйынтакталган. Лицензиялык турнирлерге бир канча мушкер катышып, кимиси лицензия алары белгисиз болгондуктан, башкы тренер аккредитациядан өткөн. Олимпиадага даярдык кандай дыкаттык менен жүрөрү баарыбызга белгилүү эмеспи. Ушуга байланыштуу бир гана башкы тренерге уруксат берилди. Тилекке каршы, жеке тренер гана эмес, улук тренер дагы Парижге бара алган жок", - деп билдиришти департаменттен.
Буга чейин социалдык тармакта мушкердин жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаевдин таймаш майданында Мунарбек Сейитбек уулун сүрөп, колдогон видеосу тараган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-07-06
16:05
2025-07-05

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.