Башкы прокурор 5 облуска жаңы прокурорлорду дайындады (тизме)
Кыргызстандын беш облусуна жаңы прокурорлор дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Башкы прокуратурадан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка башкы прокурор Максат Асаналиев кол койгон.
Ага ылайык:
- Шүкүрбеков Азизбек Шарипович - Чүй облусунун прокурору;
- Каримов Эмирбек Каримович - Ысык-Көл облусунун прокурору;
- Молдокматов Абай Молдокматович - Баткен облусунун прокурору;
- Кубатидинов Абдирашит Кубатидинович - Нарын облусунун прокурору;
- Расулов Мирбек Алишерович - Талас облусунун прокурору болуп дайындалышты.
Ал эми Үркүнбаев Эмилбек Жолдошалиевич Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокурору болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

Рейтинг:
0

