super.kg logo
  Спорт  

Париж-2024: Жоламандын жарым финалдагы атаандашы аныкталды

 

Париж шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыккан кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбековдун жарым финалдагы атаандашы белгилүү болду.

Ал Жоламанга эзелки тааныш япониялык Кенчиро Фумита. Эки жолку Дүйнө чемпиону Олимпиадагы мыкты форма менен келгени даана байкалды. Ал чейрек финалда ирандык балбанды 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Жоламан Фумита менен буга чейин эки жолу кез келген. Алар биринчи жолу 2020-жылы Азия чемпиондугунун финалында кез келип, Фумита 4:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Экинчи жолу алар 2023-жылы Белградда өткөн Дүйнө чемпиондугунун финалында кез келген. Анда Жоламан Шаршенбеков 11:6 эсебинде жеңип алган.

Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: