super.kg logo
  Саясат  

"Кыргыз тилин билсин, тууганы УКТ мүчөсү болбосун...".  Судьялардын статусу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди  

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш 27-июнда тарабынан кабыл алынган. Ага ылайык, административдик жана шаардык соттордо үч жыл, облустук жана Бишкек шаардык сотунда эки жыл иштеген гана судьялар Жогорку сотко судья боло алат.

Ошондой эле судьялыкка талапкерлердин жакын туугандарынын оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттуулугу жок болушу керек. Жакын туугандары уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү деп мыйзам менен таанылган жарандар судья боло албайт.

Мындан сырткары сот тутумунун судьялык кызматына талапкер болгон адамдар мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес деңгээлде билүүсү милдеттүү болот.

Ошону менен бирге конкурстук тандоодо аңгемелешүүгө ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүтө элек иштеп жаткан судьяларга да уруксат берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: