Таласта Volkswagen Passat менен Audi унаасы сүзүшүп, 39 жаштагы аял каза болду
Талас шаарында катталган жол кырсыгынан бир жаран каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 7-августта облустук милициядан тастыкташты.
Билдиргендей, окуя кечээ, 6-август күнү болгон. Анда Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаа менен Audi унаасы кагышкан. Жыйынтыгында Passat унаасында бара жаткан 39 жаштагы аял киши каза болгон.
Мындан тышкары кырсыктын кесепетинен бир жаран ооруканага жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.