super.kg logo
  Спорт  

Сүйүнчү! Үзүр Жусупбеков Кыргызстанга төртүнчү Олимпиада медалын алып келди

 

Кыргыз балбаны Үзүр Жусупбеков Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында 97 килограмм салмакта коло байге утту.

Ал коло байге үчүн беттеште египеттик Мохаммед Габр аттуу балбан менен кез келди.

Кыл чайнашкан беттеш 1:1 эсебинде аяктады. Кыргыз балбаны акыркы болуп балл алгандыгы үчүн жеңүүчү болду. Буга макул болбогон египеттик машыктыруучу "челленж" баскычын басты, калыстар кайра видео кайталоону карап, Үзүр Жусупбековго дагы 1 упай кошту.

Жыйынтыгында Үзүр Жусупбеков 2:1 эсебинде жеңишке жетти.

Муну менен Үзүр Жусупбеков Кыргызстанга төртүнчү Олимпиада медалын алып келди. Кыргызстан буга чейин эч бир Олимпиадада төрт медаль уткан эмес. Бул дагы тарыхый көрсөткүч.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: