Нарын-Баетов унаа жолунун 3 тилкесинде оңдоо жумуштары жүрүүдө





Нарын-Баетов унаа жолунун 8-13, 33-38, жана 84-120-чакырымдар аралыгында капиталдык ондоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Транспорт министрлигинен билдиришти.
Учурда жолдун 84-120-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө иштери башталып, азыркы тапта жарым чакырымдан ашык жол жасалды. Ал эми калган эки тилкеде жер жумуштары жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылга карата капиталдык салымдар беренесине ылайык, Нарын-Баетов унаа жолунун 20 чакырымына асфальт төшөө иштери каралган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-07
17:08
2025-07-06
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.