Чаткалда кол өнөрчүлөрдүн фестивалы өтөт

Маалыматка ылайык, кароо-сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан кол өнөрчүлөр, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер жана маданият кызматкерлери катыша алат.
"Аймактардан келген уз-чеберлер атайын белгиленген жерге буюмдарын жайгаштырат. Ар бир катышуучу өздөрүнүн алып келген эмгектери туурасында 5 мүнөттүн ичинде айтып берүүсү зарыл. Катышуучулардын бардыгы улуттук кийимде болуусу шарт. Калыстар тарабынан кол өнөрчүлөргө суроолор берилиши мүмкүн", - деп жазылат анда.
Фестивалдын максаты – кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу экени айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.