super.kg logo

Чолпон-Атада президенттин Иш башкармалыгынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү  

 

Бүгүн, 8-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында президенттин Иш башкармалыгынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Аземге өлкө башчысы Садыр Жапаров баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү катышты.

Жапаров Президенттин Иш башкармалыгы учурда коммуникацияларды, ирригацияларды жана жаңы имараттарды оңдоо жана куруу, кызмат көрсөтүүнүн жана тейлөөнүн жаңы системаларын түзүү аркылуу өлкө тургундарынын жашоо турмуш деңгээлин көтөрүүгө багытталган милдеттердин кеңири спектрин көрсөтүп келатканына токтоло кетти.

Мамлекет башчысы башкармалык президенттин, Министрлер кабинетинин, Жогорку Кеңештин ишмердигин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык жана медициналык жактан тейлөөдөн сырткары, өлкөбүздүн өнүгүү жолуна түшүүсүнө кошуп жаткан салымын да баса белгилей кетти.

Андан кийин мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: