Бишкекте №222 автобустун каттамы өзгөртүлдү
Бүгүн, 9-августтан тартып Бишкекте №222 автобустун кыймылынын схемасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, каттамдын схемасына Кара-Жыгач конушу киргизилди, бирок акыркы аялдамалар өзгөрүүсүз калды.
Белгилей кетсек, өзгөртүүлөр борбор калаа тургундарынын кайрылууларынын негизинде киргизилген.
Жол кыймылынын картасын төмөнкү шилтемеден тапса болот:
https://drive.google.com/file/d/1V1gzjzlomLGa2sQknZ1RosV8GyjwkYYI/view?usp=drive_link
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.