Ысык-Көлдө жол боюна мыйзамсыз курулган 13 объект буздурулду





Ысык-Көл облусунда унаа жолдун боюна мыйзамсыз курулган 13 объект буздурулду. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, министрликтин алдындагы Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат Ысык-Көл облусунда Барскоон - Каракол унаа жол тилкесинин аймагына мыйзамсыз салынган майда жана чоң соода курулуштарды аныктады. Жыйынтыгында жалпы 13 объект буздурулуп, мыйзамсыз ээлеп алынган жер аянттары баштапкы калыбына келтирилди.
Мындан сырткары Жети-Өгүз районуна караштуу Даркан, Саруу жана Кызыл-Суу айылында комиссия менен биргеликте Жер мыйзамдары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:52
2025-07-11
13:11
2025-07-11

11:22
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.