Париж-2024. Эрназар Акматалиев алгачкы атаандашына жеңилип калды
Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимп оюндарында алгачкы атаандашына жеңилди.
1/8 финалда эркин күрөш боюнча 65 килограммга чейинки салмак категориясындагы кыргыз балбаны биринчи беттеште азыркы дүйнөнүн чемпиону венгриялык Исмаил Масукаев менен кез келди. Беттеш венгерлердин 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңиши менен аяктады.
Масукаев финалга чыкса, Акматалиев коло медаль үчүн кайталоо турнирине чыгууга мүмкүнчүлүк алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.