super.kg logo

Орусияда чек арадагы дагы бир райондун тургундары эвакуацияланды  

 

Украинанын куралдуу күчтөрү өткөн аптада чабуулун баштаган Орусиянын Курск облусуна коңшу Белгород облусунун Красная Яруга районунун жайкын тургундарынын дээрлик баары эвакуация болду. Бул тууралуу бүгүн 13-августта аймактын губернатору Вячеслав Гладков билдирди.

"11 миң адам райондон чыгып кетти. Азыркы кезде миңге жакын адам убактылуу жайда жашап жатат", - деп жазды ал Telegram каналына.

Буга чейин Курск облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Алексей Смирнов аймактагы 180 миңдей жаран эвакуацияланууга тийиш экенин билдирген.

Gazeta.ru билдиргендей, 12-августка карата Курск облусунун чек ара аймактарында 120 миңден ашуун адам үйлөрүн таштап кетишкен.

Белгилей кетсек, Украин аскерлери Курск облусуна 6-августта кирип барган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: