super.kg logo

Путин менен Палестинанын президенти Аббас жолугушту

 

Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада Палестинанын лидери Махмуд Аббас менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Орусия “атайын аскердик операцияны” өткөргөнүнө карабастан [ред.: Украинадагы согушту орус бийлиги ушундай атаган] Палестинадагы кырдаалга көңүл бурууну улантып жатканын баса белгиледи.

Путин Палестинада болгон гуманитардык катастрофага тынчсыздануусун билдирди.

"Албетте, биз Палестинада болуп жаткан гуманитардык апаатты абдан кайгы жана тынчсыздануу менен көрүп жатабыз. Палестина элин колдоо үчүн бардыгын жасап жатабыз", - деди ал.

Ошондой эле ал Орусия Палестинага 700 тоннага жакын гуманитардык жардам жөнөткөнүн белгилеп, карапайым калк арасындагы жоготууларга өзгөчө тынчсыздануусун билдирди.

Махмуд Аббас Орусия менен Палестинаны көп жылдык достук мамилелер байланыштырып турганын белгилеген.

“Сиз менен баарлашуу жана кеңешүү мен үчүн ар дайым кубанычтуу. Биз сизге ишенебиз жана колдооңузду сезебиз. Ошондой эле бул мындан ары да уланат деп үмүттөнөбүз", - деди Аббас.

Сүйлөшүүлөргө эки өлкөнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү, анын ичинде тышкы иштер министрлери жана башка маанилүү ишмерлер катышты. Буга чейин өткөн жылдын октябрынын аягында палестиналык ХАМАС кыймылынын өкүлдөрү Москвага чакырылып, алар орус тарап менен туткундарды бошотуу жана курчоого алынган Газа тилкесинен орус жарандарын эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Октябрдын башында орус лидери Владимир Путин Израилдин Газа тилкесин курчоосун 1941-1944-жылдардагы фашисттик Ленинград блокадасына салыштырып, Палестина анклавын блокадага алууну кабыл алынгыс деп атаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: