super.kg logo

Ошто 5 жашар кызга ыдык көрсөтүү аракети: Шектүү өмүр бою абакка кесилди

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда 5 жашар кызды бөлмөсүнөн уурдап чыгып, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүүгө аракет кылган деп айыпталып жаткан 31 жаштагы жаран өмүр бою эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 15-августта SUPER.KG порталына облустук соттун басма көз кызматынан ырастады.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук сотунун 14-августтагы өкүмү менен Э. уулу З. аттуу айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин 194-беренесинин 1-бөлүгү (Адамдын жеке менчигинде же башка укугунда турган турак жайга же башка объекттерге анын эркине каршы мыйзамсыз кирүү), 165-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (он төрт жашка толо элек баланы уурдоо) жана 155-беренесинин 4-бөлүгү (Жабырлануучуга же башка адамдарга карата өзгөчө мыкаачылык менен жасалган сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен күнөөлүү деп табылган.

Айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин 194-беренесинин 1-бөлүгү менен 2 жылга, 165-берененин 4-бөлүгүнүн 1-пункту аркылуу мүлкүн конфискациялоо жолу менен 10 жылга, 155-берененин 4-бөлүгүнүн негизинде мүлкү конфискацияланып, өмүр бою эркиндигинен ажыратылган. Ошондой эле 77-берененин 3-бөлүгүнүн (Эгерде жасалган кылмыштардын жок дегенде бирине өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалса, анда кылмыштардын жыйындысы боюнча акыркы жаза кыйла катуу эмес жазаны өмүр бою эркиндигинен ажыратууга сиңирүү жолу менен аныкталат) негизинде жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло анын мүлкү конфискацияланып, өмүр бою эркиндигинен ажыратылган.

"Күнөөлүү деп табылган жаран жазасын өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында өтөйт. Айыпталуучу Ош облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанууга укуктуу", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 15-апрелде милицияга кыздын атасы кайрылып, кызы уктоочу бөлмөсүнөн жоголгонун билдирген. Мындан улам укук коргоо органдары издөөгө чыгып, өспүрүмдү талаадан бейтааныш жарандын унаасында отурган жеринен табышкан. Бул боюнча "Адамды уурдоо" жана "Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер" беренелери менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 31 жаштагы жаран кармалган. Мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев эгер шектүүнүн күнөөсү далилденсе эң оор жаза аларын парламенттин 17-апрелдеги жыйынында айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: