Ош облусунун эли Акжол, Айбек жана Мунарбекке аргымак мингизди (видео)
Президенттин Ош облусунудагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев Ош шаарына барган спортчулар Мунарбек Сейитбек уулуна, Айбек Кубанычбек уулуна жана Акжол Махмудовго облус элинин атынан акчалай сыйлык, ошондой эле алардын ар бирине бирден аргымак мингизди. Бул туурасында кечээ, 15-августта облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, аргымактын бири Араван районунун атынан Акжол Махмудовго берилсе, бири Өзгөн районунун атынан Мунарбек Сейитбек уулуна тапшырылган. Ошондой эле алардын машыктыруучулары да акчалай сыйлыкка ээ болгон.
Белгилей кетсек, Париждеги Олимп оюндарында бири күмүш, бири коло медаль алган спортчуларды Ош шаары салтанаттуу тосуп алган. Анда шаар мэриясы өз белектерин берген.
Ош облусунун эли Акжол менен Мунарбекке аргымак миңгизди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.