super.kg logo

Бүгүн опера жана балет театрында Президенттик балаты майрамы болуп өттү (фоторепортаж)

 
Бийчилер өнөрүн тартуулашууда.
Балдар жаман күчтөрдөн Аяз ата менен Аяз кызды куткарып алышты.
Эң жаш көрүүчүлөрдүн бири.
Сахнаны түстүү кийим кийинген жаш бийчилер көрккө бөлөдү.
“Кереметтүү түндүк” аттуу жомогу көрсөтүлүүдө.
Аяз ата балдар менен кол алыша учурашып сахнага зал тараптан чыгып келди.
Балдар Алмазбек Атамбаевди сахнага жетелеп чыгышты.
Алмазбек Атамбаевге балдар сувенир жана сүрөт салуучу альбом белек кылышты.
Алмазбек Атамбаев балдарды Жаңы жылы менен куттуктап, кең келечек каалады.
Көрүүчүлөрдүн арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар да болду.
Алмазбек Атамбаев балдарды Жаңы жылы менен куттуктап, кең келечек каалады.
Концерттик программанын катышуучулары.
КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев менен өлкөнүн биринчи канайымы Раиса Атамбаева балдардын өнөрлөрүн кубануу менен көрүп отурушту.
Аяз ата менен Аяз кыз балдар менен чогуу ырдап-бийлешти.
Балдар жыргап кол чаап, абдан кубатташты.
Сахнада жомоктун каармандары.
Сахнада жигит бийчилер.
Бүгүнкү концерттик программа коноктордун баарына жагымдуу маанай тартуулады.

Бүгүн, 26-декабрда Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театрында балдарга арналган Президенттик балаты болуп өттү. Майрамга өлкөбүздүн ар кайсы облустарынан 800 бала чакырылган. Алардын арасында эң алдынкы окуучулар, олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана жатак-мектептердин тарбиялануучулары катышты. 

Майрамдык кечеге коноктору КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев, өлкөнүн биринчи канайымы Раиса Атамбаева жана КРнын Билим берүү министри Канат Садыков катышты.

Майрамдык кечени тамашакөй маскарапоз айым ачып, өз өнөрлөрүн тартуулады. Анын сүйлөгөн сөздөрүн уккан, жасаган кыймыл-аракетин көргөн балдар жыргап кол чаап, кубаттап отурушту. Андан соң балдарга “Кереметтүү түндүк” аттуу жомок көрсөтүлдү. Анда көрүүчүлөр Аяз ата менен Аяз кызды уурдаган жаман күчтөрдүн жана аларды куткарып алган жакшы күчтөрдүн жоруктарына күбө болушту.

Белгилей кетсек, быйыл жаңы жылдык программаны "Шаттык" хореографиялык ансамбли, "Байчечекей" фольклордук-этнографиялык ансамбли жана «Ак шоола» театралдык балдар хору биргелешип даярдашыптыр. Жалпысынан 350 ашык бала келген конокторго өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Кеченин соңунда Алмазбек Атамбаев сахнага чыгып, балдарды Жаңы жылы менен кыргыз жана орус тилдеринде куттуктады. “Жаңы жыл – бул өзгөчө кубанычтуу майрам. Баарыбыз Жаңы жылды жакшы ойлор менен күтөбүз. Урматтуу жаш мекендештерим, бүгүнкү майрам атайын силер үчүн даярдалган. Силер биздин келечегибизсиңер. Ар дайым кыялдангыла, эч качан үмүтүңѳрдү үзбөгүлө. Менин бала чагым абдан оор өткөн. Агаларымдын кийимдерин кийип өскөнмүн. Бирок мен ишенгем, үмүтүмдү үзбөгөм. Ишенгиле, силер да кыялыңарга жетесиңер. Жаңы жылыңар менен!”- деп балдарга илгери үмүт, жагымдуу маанай каалады. Өлкө башчысы сөзүн бүткөн соң балдар ага белек тапшырышты.

Кеченин аягында ар бир катышуучуга президенттин куттуктоосу жазылып калтырылган китеп жана таттуулар белекке берилди.






Жомокко айланган президенттик балаты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
SUPER.KG видео
26.12.2013. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажобузга баракелде! Сизге ден соолук, узун омур каалайм!
SUPER.KG видео
26.12.2013. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
келечек жаштардын колунда азаматсыз ушундай майрамдык концерттер коп болсо жакшы болмок баарыныздардын жаны жылыныздар менен
SUPER.KG видео
27.12.2013. 04:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Раиса Атамбаева женебиз татарка турбайбы э кокууй качан чыгат озу бизден таза кыргыз башкарган же чыгаан
SUPER.KG видео
27.12.2013. 05:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жаштарды нараазы кылбай кичине конулдорун ачып коюптур да))) жакшы ошого жараптыр))
SUPER.KG видео
27.12.2013. 05:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men akaevdin ubaginda bargan elem, Akaevti ayabai korgum kelip kutsom, orduna mairam akaeva kelgende naarazi bolgom birok jakwi le bolgon al ubakta dele
SUPER.KG видео
27.12.2013. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаңы жыл жакшы жылдардан болсун! Кыргызстандын келечеги ушул бөбөктөр да. Кыргыз кийимчен кыз менен бала тим эле тыпылдап секирип, аягына чейин тынбай жүрүшүптүр. Энергиясына бали, ошончого жеткен! Пользовательдер өзү бир нерсеге ыраазы болобузбу биз??? Кай жакты ачпайын эле оңдуураак ой жок, сындап анан какшыктап эле жатабыз...((
SUPER.KG видео
29.12.2013. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев вродежанталашып эле иштеп жатат, коптогон жаны жолдорду салып Республика боюнча,ж.б бирок жанындагы "бакиевтин" эски- акчага тойбогон чиновниктери, жумушун артка тартып, айтканын иштебей жатышат, деги качан акчага тоюшат экен??
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: