super.kg logo

Украина Курск багытындагы позициялары бекемделгенин айтса, Орусия "душмандын мизин кайтарганын" билдирди

 

Бүгүн, 17-августта Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский президент Владимир Зеленскийге Курск багытында украин күчтөрүнүн позициялары бекемделгени тууралуу рапорт берди. Зеленскийдин айтымында, Торецкий жана Покровский багыттары боюнча да абал көзөмөлдө.

Зеленский Курск облусундагы операция уланып жатканын белгилеп, украин аскерлерине жана командирлерине орус аскерлеринин туткунга алынганы үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, бул украиналык туткундарды жана жайкын тургундарды бошотууну жакындатат.

Ошол эле учурда орус армиясы Курск багытында активдүү согуштук аракеттерди уланта турганын жарыялады. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Орусиянын аймагына кирүүгө аракет кылган украиналык мобилдүү топтор токойлуу аймактарда изделип, жок кылынууда.

Орус тарап Курск багытында Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Коренево, Русское жана Черкасское Поречное конуштарынын аймагындагы чабуулдарынын мизин кайтарганын билдирди. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, авиация жана артиллерия Украинанын куралдуу күчтөрүнө бир топ жоготууларды алып келип, бир танк жана 11 бронетранспорттук техника жок кылынды.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Курск аймагына чабуулу 6-августта башталып, он бир күндөн бери уланууда. Украин тараптын айтымында, операция башталгандан бери 1150 чарчы километр аянттагы 82 калктуу конуш көзөмөлгө алынды.

Буга чейин эки тарап тең тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр экенин билдирип, бирок ар кандай шарттарды коюшкан. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Курск облусуна чабуулу башталгандан кийин орус президенти Владимир Путин “жай тургундарга, жарандык инфраструктурага сокку урган же атомдук энергетика объектилерине коркунуч жаратууга аракет кылгандар” менен сүйлөш натыйжасыз экенин жарыялады.

The Washington Post гезити "Украинанын Курск облусундагы чабуулу Орусия менен Украинанын Дохада өтүшү керек болгон сүйлөшүүлөрүн үзгүлтүккө учуратты" деп жазды. Украина менен Орусия бул маалымат боюнча расмий комментарий беришкен жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: