Ысык-Көлдө жаандан улам бир катар жолдор жабылды
Ысык-Көл жана Тоң райондорунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, бир катар жолдор жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Григорьевка капчыгайы аркылуу Кырчын жайлоосуна барчу жол жабылды.
"Учурда Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл, Тоң райондорунда жамгыр катуу жаап жатат" деп жазылат маалыматта.
Министрлик кошумча маалымат берилерин маалымдады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-07-06
16:05
2025-07-05

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.