super.kg logo

MBANK жаңы "ОСАГО" онлайн кызматын сунуштайт

 

ААК Кыргызстан Коммерциялык Банкы MBANK өзүнүн мобилдик тиркемесинде, унаа ээлери үчүн ОСАГО полисин сатып алуу процессин бир кыйла жөнөкөйлөтүүчү жана тездетүү үчүн жаңы «ОСАГО» онлайн сервисинин ишке киргендигин жарыялайт. Эми сиз камсыздандыруу компаниясынын кеңсесине барбастан,сиз каалаган, ыңгайлуу убакта онлайн түрдө камсыздандырууга арыз бере аласыз.

MBANK тиркемесинде ОСАГО кызматынын артыкчылыктары:

  • Жөнөкөй жана интуитивдик каттоо: Полисти MBANK тиркемесинде бир нече баскыч менен каттоого болот.
  • Бааларды ыкчам эсептөө жана ишенимдүү камсыздандыруу компаниясын тандоо: Кызмат тез арада чыгымдардын суммасын алууга жана камсыздандыруу компаниясын тандоого мүмкүндүк берет.
  • Полисиңизди бир тиркемеден башкарыңыз: Бардык ОСАГО камсыздандырууларыңыз колдонмодо сакталып, аларды башкарууну жеңилдетет.

"ОСАГО Кыргызстанда милдеттүү экенин эске алып, жаңы мыйзамды колдоого жана MBANK тиркемесинде «ОСАГО» кызматынын ыңгайлуулугун пайдаланууга чакырабыз. Бул жаңылык камсыздандырууну алуу процессин жөнөкөй жана мүмкүн болушунча ылдам кылуу үчүн түзүлгөн., бул жаңы талаптардын шарттарында бардык унаа ээлери үчүн өзгөчө маанилүү», - деп белгиледи банктын санариптик сервистерди жана эквайринг тармагын өнүктүрүү боюнча Директору Кубаныч Шатемиров.

Онлайн ОСАГО кантип каттоого болот?

1. MBANK тиркемесин жүктөп алыңыз жана аны акыркы версиясына жаңыртыңыз

2. "ОСАГО" кызматын тандаңыз

3. Керектүү маалыматтарды киргизиңиз

4. Даяр полисти MBANKтан көчүрүп алса болот

5. Анын жеткиликтүүлүгүн Кыргыз Камсыздандыруучулар Ассоциациясынын сайтынан текшериңиз

ОСАГО кызматы Кыргыз Республикасынын рыногунда 16 жылдан ашык ийгиликтүү иштеп келе жаткан «НСК» алдынкы камсыздандыруу компаниясы менен биргеликте ишке ашырылууда.

MBANK – биринчи санарип

КР УБ №014 Лицензиясы






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: