Бишкектеги Юнусалиев көчөсүнө бир катмар асфальт төшөлдү



Бишкектеги Юнусалиев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Саманчин көчөсүнө чейинки аралыгына бир катмар асфальт басылды.
Шаардык мэриядан билдиргендей, канализациялык кудуктардын айланасы бетондолуп, кийин экинчи катмарына таш мастик асфальт төшөлөт.
Капиталдык оңдоонун алкагында жолдун асфальт катмарын жаңылоо, бордюрларды алмаштыруу, айрым тилкелерди кеңейтүү, коммуникациялык чубалгыларды жер астынан алып өтүү боюнча жумуштар аткарылат.
Аталган көчөдөгү жолду 31-августка чейин капиталдык оңдоодон өткөрүү мерчемделген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.