super.kg logo

АКШ Тайванга эң акыркы согуштук системаларды берди

 

Америка Кошмо Штаттары Тайвандын деңиз флотуна өзүнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн 13 даана Phalanx Block 1B жакындан согушуу системасын өткөрүп берди. Бул туурасында Тайвандын Коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, системалар Тайбэйге 10,16 миллиард Тайвань долларына (314,67 миллион АКШ доллары) жеткирилген. Ошондой эле АКШ келерки жылы аралдын бийлигине кошумча сегиз Block 1A системасын жеткирүүгө милдеттенди.

Коргоо министрлиги белгилегендей, Тайвань өзүнүн согуштук кемелерин жана негизги радар орнотмолорун коргоо үчүн колдонгон Phalanx системасы — 1,5 чакырым алыстыктагы буталарга мүнөтүнө 4500 ок атууга жөндөмдүү курал системасы.

Ошол эле учурда АКШ Тайванга Block 1B тутумунун эң акыркы версиясын өткөрүп берүүнү убада кылууда, бул деңиз кемелерин учактардан жана ракеталардан коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.

Америкалык акыркы куралдардын берилиши Тайвань менен Кытайдын ортосундагы мамилелердин эң олуттуу начарлашынын фонунда болуп жатат. Кытай бийлиги Тайвандын жаңы президентин жактырбай, аны сепаратист деп жарыялады. Июнь жана июль айларында кытайлык кемелер Тайвандын чек арасына жакын жерде бир катар деңиз машыгууларын өткөрүп, балык уулоочу кеменин экипажын кармашкан.

Буга жооп катары Тайвандын Жээк коопсуздук башкармалыгы (CGA) 18-августта Кытайдын балык уулоочу кайыктарынын эл аралык сууларга кирүүсүн алдын алуу аракеттерин күчөтөрүн билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: