super.kg logo

Украинанын Покровск менен Мирноград шаарларынын тургундары эвакуацияланат

 

Украинанын чыгышындагы Покровск жана Мирноград шаарларынын жергиликтүү бийлиги орус армиясынын чабуулу коркунучунан улам тургундарды тез арада эвакуациялоого чакырды. Покровск шаарынын аскер администрациясынын башчысы Сергей Добряк шаар тургундары бир-эки жуманын ичинде шаардан чыгып кетиши керектигин айтты. Ал белгилегендей, учурда жергиликтүү бийлик күнүнө 500-600дөй адам эвакуациялоодо.

Жергиликтүү бийликтин айтымында, өткөн аптада орус аскерлери Украинанын чыгышындагы маанилүү логистикалык борбор болгон Покровск шаарынын чет жакасынан болгону 10 чакырым алыстыкта ​​болушкан. Бул аймак эң катуу кармаш болгон аймактардын бири бойдон калууда.

Покровскиден беш чакырымга жетпеген аралыкта жайгашкан кошуна Мирноградда абал мындан да оор. Аскердик администрациянын башчысынын милдетин аткаруучу Юрий Третьяк бир нече күндөн бери шаардан алты чакырым алыстыкта ​​активдүү согуштук аракеттер жүрүп жатканын билдирди. Третьяк Мирнограддын жашоочуларына саналуу гана күн калгандыктан, дароо эвакуацияланышы керектигин баса белгиледи.

"Мирноградда жергиликтүү администрация менен ишканаларды эвакуациялоо башталды, дүкөндөр жана дарыканалар жабылууда. Покровск аймагында да балалуу үй-бүлөлөрдү мажбурлап эвакуациялоо башталды", - деди Третьяк.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн командачысы Александр Сырский Покровск багытында катуу салгылашуулар уланып жатканын, Украинанын Коргоо күчтөрү Торецк шаарын коргоо үчүн колдон келгендин баарын жасап жатканын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: