super.kg logo

Түрк сериалынын актёрлору чыныгы жашоодо баш кошушту (видео)

 

Көп көрүүчүлөрдү топтой алган "Зимородок" түрк сериалынын каармандарын аткарган Берил Позам менен Эрсин Арычы чыныгы жашоодо баш кошушту. Алар тасмада Суна менен Абидиндин ролун аткарышкан. Түгөйлөрдүн кинодогу сүйүүсү чыныгы жашоодо уланды. Жубайлардын тою 19-августта Стамбул шаарында болгон. Бул тууралуу тойго келген жылдыздар сүрөт, видеолор менен бөлүшүп жатышат.

Тойго алардын жакын адамдары, достору, түрк жылдыздары жана тасмадагы кесиптештери дагы келишкен. Коноктордун арасында Афра Сарачоглу (Сейран), Мерт Рамазан Дамир (Ферит), Таро Эмир Текин (Кайя), Дирен Полатогуллари (Казым), Ознур Серчелер (Асуман) жана башкалар болгон.

Ал эми аталган кинонун күйөрмандары чыдамсыздык менен күтүп жаткан 3-сезону ушул жылдын сентябрь айында көрсөтүлөт. Тасманы жаратуучулардын айтымында, бул сезондо көрүүчүлөргө жаңыланган сюжеттер тартууланат.






"Зимородок" түрк сериалынын актёрлору чыныгы жашоодо баш кошушту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: