super.kg logo

УКМК билим берүү тармагынын кызматкерлерине эскертүү берди

 

УКМК билим берүү тармагынын кызматкерлерине мыйзамсыз акча бергендиги жана алганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте билим берүү уюмдарынын жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин катышуусу менен бир катар профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.

Тактап айтканда, калаадагы мектептерде бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, алардын жүрүшүндө балдарды 1-класска кабыл алууда, ошондой эле башка мектептерден которууда жана балдарды бала бакчаларга кабыл алууда коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө керектиги белгиленди.

"Атайын кызмат тарабынан коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүүнүн алкагында 2024-жылдын башынан бери билим берүү системасында бир катар кармоолор жүргүзүлүп, мыйзам бузуулар аныкталган.

Буга байланыштуу УКМК билим берүү тармагынын кызматкерлерине мыйзамсыз акча бергендиги жана алганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет. Жарандар окууга кабыл алуу жана которуу үчүн акча талап кылынган ушундай жагдайга туш болсо, 0312-66-04-75 номуруна кайрылса болот", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: