Лукашенконун сөзүнөн кийин Ереванда активисттер Беларустун элчилигине жумуртка ыргытышты
Ереванда Беларустун элчилиги алдында нааразылык акциясы өтүп, чогулган эл имаратка жумуртка, помидор жана картошка ыргытышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, акция Беларустун президенти Александр Лукашенконун Арменияны кемсинткен билдирүүсүнөн улам болгон.
Лукашенко орусиялык телеканалдардын бирине берген маегинде Армениянын дарегине карата билдирүү жасаган.
"Бул эмне болгон саясат? Армяндардын бизден башка кимге кереги бар? Эч кимге кереги жок. Экономикасын өнүктүрүп, колунда бар нерсеге көңүл бурушсун. Кайдагы Франция, кайдагы Макрон? Макрон эртең кетсе Арменияны бардыгы унутушат", - деп айткан ал.
Еревандагы Беларустун элчилигине жумуртка ыргытылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.