super.kg logo

"Оскар" сыйлыгына Кыргызстандан "Бейиш – эненин таманында" тасмасы катышат

 

Бүгүн, 23-августта Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө "Оскар" сыйлыгына "Чет тилдеги эң мыкты тасма" номинациясына өлкөнүн атынан катыша турган тасма тандалып алынды. Ал режиссёр Руслан Акунга таандык "Бейиш – эненин таманында" аттуу кино болду. Бул туурасында тамашоучу, бул тасмадагы негизги ролду жараткан Эмил Эсеналиев өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

Анда актёр жалпы коомчулукка ыраазычылык билдирип, тасма "Оскарга" катышууга мүмкүнчүлүк алгандыгын белгиледи.

“Эң мыкты чет элдик тасма” номинациясына биздин “Бейиш – эненин таманында” тасмабыз Кыргызстандын атынан катышууга мүмкүнчүлүк алды. Ар бириңиздерге рахмат. Тасманын үстүндө иштеген ар бириңиздердин эмгегиңиздер", - деп жазды ал.

Эскерте кетсек, учурда чет мамлекеттердеги "Оскар" комитеттери талапкерлердин лонг-листин (узун тизме) түзүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатышат. Кылдат тандоодон кийин атайын калыстар тобу шорт-лист (кыска тизме) түзүп, анын ичинен жеңүүчү тандалат.
97-"Оскар" сыйлык тапшыруу аземи 2025-жылдын 2-мартында Лос-Анжелестеги легендарлуу Dolby театрында өтөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: