super.kg logo

Оштон Бишкекке келген жаран сумкасынан 2800 долларын жоготкон. Милиция таксистти кармады

 

Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортуна кетип бара жаткан жолдо уурулук кылганга шектелип такси айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чү облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, 13-август күнү милицияга 1994-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал ошол эле күнү аэропортко бара жаткан жолдо сумкасынан 2800 доллар жана баасы 52 миң сом болгон TISSOT саатын уурдатканын билдирген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучу жаран 13-август күнү мен Ош шаарынан "Манас" аэропортуна Т.А. аттуу такси айдоочусу менен келгени аныкталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип 1997-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалган. Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: