super.kg logo

Жеки Чан Паралимпиада оюндарынын ачылыш аземинде Олимпиада отунун факелин алып барат

 

Белгилүү кытайлык актёр Жеки Чан 28-августта Париж шаарында өтө турган XVII Жайкы Паралимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Андагы маалыматка караганда, ал Олимпиада отунун факелин алып баруучулардын бири болот. Эстафетаны Жеки Чан жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:27де алат. Ал эми ачылыш аземи саат 20:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Жайкы XVII Паралимпиада оюндарында жалпы 22 спорттун түрү боюнча 549 медаль ойнотулат. Кыргызстандын атынан төрт спортчу өлкө намысын коргойт.

Паралимпиада оюндары 28-августта башталып, 8-сентябрда аяктайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: