super.kg logo
  Спорт  

Балбан Жоламан Шаршенбеков жеке машыктыруучусу Махмудовго ыраазычылыгын билдирди

 

Балбан Жоламан Шаршенбеков машыктыруучусу Хаким Махмудовго ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анда ал Махмудовдун берген билими, тарбиясы, колдоосу үчүн жана ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле балбан профессионал спортчу катары гана эмес, инсан катары да калыптануусуна чоң салымын кошкондугун кошумчалады.

"2008-жылы мен жаш жөнөкөй бала Таластан Бишкекке келип, Аллах Тааланын каалоосу менен Хаким Махмудовдун күрөш залына келип калдым. Ошондо мен машыктыруучунун көзөмөлү астында кандай бийиктиктерге жетеримди элестете да алган эмесмин.

Окуучуларыңыздын ар бир жеңиши – сиздин талыкпаган эмгегиңиздин жана берилгендигиңиздин натыйжасы. Ар бир машыгуу үчүн чоң рахмат, жаңы бийиктиктерге жетүүгө жардам берип, билимиңизди жана күчүңүздү жумшаганыңызга ыраазычылык билдирем", - деп билдирүү калтырган ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: