super.kg logo

Акылбек Жапаров кыргызстандыктарды "Акча бар" деген ураан менен жашоону сунуштады

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Акча бар” финансылык-аналитикалык порталынын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул туурасында бүгүн, 28-августта президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров он жылдын ичинде портал идеядан күчтүү жана маанилүү куралга айланын белгиледи.

«Бул портал өзүнүн кызыктуу аталышы менен мага өлкөдөгү «кедей өлкө» деген түшүнүктүн астында жашаган бир мезгилди эске салат. Анан урматтуу Садыр Нургожоевич өлкө бул кемсинтүүлөрдөн алыстайт деп убада берди. Эми “Акча бар” деп тайманбай айта турган мезгил келди. Мындан ары өлкө “Акча бар” деген ураандын астында жашай берсин”, - деди өкмөт башчы.

Ал ошондой эле өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө токтолуп, ИДПнын орточо өсүү темпи 7%ды түзүп, 2024-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 677 млрд сомдон ашканын, ал эми реалдуу өсүү темпи 8,7% түзгөнүн билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: