Германияда чехиялык гимнаст кооптуу жерде селфи кылам деп каза болду
Чехиялык гимнаст Натали Стичова социалдык тармак үчүн сүрөткө түшөм деп Германиядагы Тегельберг тоосунан кулап кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
15-августта Натали эки досу жана Дэвид аттуу жигити менен Германиядагы Тегельберг тоосуна чыккан.
Daily Mail порталынын маалыматына караганда, кыз Бавариянын атактуу Нойшванштейн сепилинин алдында сүрөткө түшмөкчү болуп, бирок кырдан кулап кеткен. Жыгылгандан кийин ал көптөгөн жаракаттар менен ооруканага түшкөн.
21-августта Наталинин үй-бүлөсү анын мээси катуу жаракат алгандыгына байланыштуу коюлган кошумча аппаратты алдырып салышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.