super.kg logo

"Ичимдик ичилбейт, унааларга чектөө кирет". Бишкек мэриясында Эгемендүүлүк күнүн утурлай жыйын болду

 

Бүгүн, 28-августта Бишкекте шаар мэри Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында борбор калаанын мэриясынын кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча координациялык комиссиясынын жыйыны өттү. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Токтоналиев 31-августта "Ала-Тоо" аянтында аткарыла турган иштер тууралуу маалымат берди.

Укук коргоо кызматкерлери нөөмөттө турган тилкелер секторлорго бөлүнгөн.

Ошондой эле төмөнкү көчөлөрдө унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилет:

- Чүй проспектиси Ибраимов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;

- Фрунзе көчөсү Эркиндик бульварынан Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;

- Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;

- жана жарым-жартылай Ибраимов көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.

“Жакынкы соода борборлорунда жана мекемелеринде алкоголдук ичимдиктерди сатууга, коомдук жайларда ичимдик ичүүгө да тыюу салынып, майрам күнү стихиялуу сооданын алдын алуу чаралары көрүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Айбек Жунушалиев иш-чарада тургундардын жана борбор калаанын конокторунун коопсуздугун максималдуу камсыздоо милдетин койду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: