super.kg logo

Борбордо ырчы Чолпонайдын "До+Фа" шоу концерти башталды

 
Бишкекте бүгүн, 26-декабрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча «2013-жылдын супер ырчы айымы» наамынын ээси Чолпонайдын алгачкы жеке концерти башталды. Ырчы өзүнүн ырларынан попурри ырдап чыкты. Көрүүчүлөр залдын 60 пайызын ээлешти. Алып баруучулукту "До+Фа" тасмасында баш каармандардын образын жараткан "тамашоучу" Самат менен Эмил аркалашты.
Ырчы Чолпонай күйөрмандарына ыраазычылык билдирип, толкунданганын жашырган жок. "Алгачкы концертимди берип жатканым үчүн аябай толкунданып жатам. Бул күн сиздер үчүн да, мен үчүн да жагымдуу күн болсун. Мен көп жерге барганда "Доорон кайда?" деп суроо узатышат. Атымды Фарида деп атап алышканын айта кетейин.  Ошондой эле "Сен кыргызча билбейсиңби?" деген суроону көп угам" деп алып баруучуларды сахнага чакырды. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: