super.kg logo

Кыргыз жараны Орусиядан Казакстанга экстрадицияланды

 

Кыргыз жараны Орусиядан Казакстанга экстрадацияланды. Бул тууралуу Казакстандын Башкы прокуратурасы кабарлады.

"Кыргызстандын жараны өзгөчө ири өлчөмдө баңгизатын мыйзамсыз алып жүргөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Орусиядан экстрадицияланды", - деп айтылат Казакстандын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө.

Кыргыз жараны өткөн жылдын июнь айында бир топ адам менен алдын ала сүйлөшүп алып, бир нече өлкөлөрдүн аймактары аркылуу жалпы салмагы 60 килограммга жакын героинди жана 10 килограммдан ашык гашишти мыйзамсыз алып өтүүнү уюштурганы айтылды.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүгө эл аралык издөө жарыяланган. Өткөн жылдын август айында ал Москвада кармалып, андан кийин Казакстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен Казакстанга экстрадицияланган.

Учурда шектүү СИЗОго киргизилди. Ал мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин Казакстандын Башкы прокуратурасы кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: