super.kg logo

Өзбекстан Парижде алтын медаль уткан эки спортчусу боюнча күтүүсүз чечим кабыл алды

 

Ушул убакка чейин Өзбекстандын Улуттук гвардиясында капитан чини менен кызмат өтөп келген бокс боюнча эки жолку Олимпиада чемпиондору Баходир Жалолов менен Хасанбой Дусматовго мөөнөтүнөн мурда подполковник чини ыйгарылды. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазышты.

Мындай өсүш өзгөчө учур экенин белгилей кетүү керек. Аскердик чин берүүдө капитандан кийин майор, андан кийин анан подполковник турат.

Маалым болгондой, бул чечим спортчулардын дүйнөлүк спорт аренасында гана эмес, өлкөдөгү коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылууга кошкон зор салымы үчүн кабыл алынган.

31 жаштагы Хасанбой Дусматов Париждеги Олимпиадада бокс боюнча 51 килограмм салмакта алтын байге уткан. Ал эми 30 жаштагы Баходир Жалолов ушул эле Олимпиадада 92 килограммдан жогоркулар арасында алтын уткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: