super.kg logo

Орусияда дагы бир жогорку даражалуу аскер адамы кармалды

 

Орусиянын Коргоо министринин мурдагы орун басары Павел Попов алдамчылык боюнча айыпталып кармалды. Бул тууралуу Mash телеграм каналы жазды.

Иш "Патриот" паркындагы уурулук фактысына байланыштуу. Жай айынын башында Попов кызматынан бошотулган. Ага чейин 11 жыл Коргоо министринин орун басары болуп иштеген. Тергөө Попов директор Вячеслав Ахмедов жана Коргоо министрлигинин Инновациялык өнүктүрүү боюнча башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Владимир Шестеров менен бирге «Патриот» паркынын эсебинен байыган деп эсептеп жатат. Уурдалган каражаттын суммасы жарым миллиард рублдан ашык.

Чиновник Красногорск аймагындагы өз участкасында казынанын эсебинен курулуш-оңдоо иштерин жүргүзгөнү, ошондой эле батирлерин оңдоодон өткөргөнү аныкталган.

Учурда ал кармалып, тергөө иштери башталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: