super.kg logo

Японияда тайфундун кесепетинен 3 адам каза болду

 

Япониянын түштүк-батышындагы Кюсю аралында "Шаньшань" тайфунунун кесепетинен 3 жаран каза болуп, ондогон адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 29-августта жазышты.

Маалыматка таянсак, тайфундун айынан Кюсю аймагындагы жети префектурадагы 255 миңден ашык үйлөр электр жарыгысыз калган. Алардын 220 миңге жакыны Кагосима шаарында, 16 миңи Миядзакиде жайгашкан. Ошондой эле өлкөнүн түштүк аймактарында поезддердин кыймылы жана аба каттамдары токтотулуп, магистралдар жабылган.

Аралдагы префектураларынын айрым аймактарын, анын ичинде Миядзаки шаарындагы жарандарды эвакуациялоо жарыяланган. Анда 400 миңге жакын адам жашай турганы айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: